Акыркы макалалар

Чүй райондук сотунун башкы сот аткаруучусу пара менен кармалды

КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө айыпталуучу адамдан соттун чечимин аткарууну артка жылдыргандыгы үчүн 60 миң пара талап кылып, аталган акчаны алуу учурунда Чүй райондук сотунун башкы сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу көзөмөл ведомствосунун маалымат кызматы билдирди.

Чогултулган материалдар боюнча Чүй облустук соту тарабынан ККнын 313-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Пара алууга шектелген сот аткаруучу Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бирок Аламүдүн райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg