Акыркы макалалар

24-сентябрда Бишкек Бутик мейманканасында жаш журналисттер үчүн тренинг болот

24-сентябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши USAID РЕФОРМА долбоорунун колдоо көрсөтүүсүнүн астында экономикалык темаларды баяндашкан, болочок жана жаңы ишин баштап жаткан журналисттер үчүн тренинг өткөрөт. Тренинг республикадагы белгилүү экономисттер менен журналистиканын окутуучуларынын биргелешкен эмгегинин негизинде болот. Катышуучулар экономикалык татаал темаларды жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен жазуу туурасында маалымат алат.

Андан тышкары катышуучулар экономикалык темаларды баяндоо туурасында окуу куралына ээ болууга мүмкүнчүлүк алат. Аталган окуу курал Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшү үчүн актуалдуу болгон 12 темадан турат. Ошону менен бирге ар бир тема маселенин теориялык негиздерин, тарыхый экскурсту, заманбап көйгөйлөрдүн талдоосун жана бир аз келечектин сүрөттөлүшүн камтыйт. Окуу куралы төмөнкүдөй кошумча материалдар менен коштолот: окутуучу үчүн методикалык материал, студенттер менен иштеп жатышкан журналисттер үчүн практикум жана глоссарий.

Ошондой эле тренинг учурунда пресс-кафе болуп, катышуучуларга белгилүү экспертерден жана коомдук ишкерлерден экономиканын көйгөйлүү маселелери туурасында суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg