Акыркы макалалар

Кыргыз тилин Google Translate котормочусуна кошуунун кызыкчылыгы жок - Кулматов

Google Translate котормочусунда кыргыз тилинин жоктугу - колдонуучулардын өтө эле төмөн кызыкчылыгы билдирет. КирТАГга мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төраганын орун басары Алмаз Кулматов жума күнү маалымдады.

«Биздин элибиз кыргыз тилди колдонуу боюнча өтө төмөн аракеттерди кылууда. (Google Translate) котормочуга кыргыз тилин киргизүүгө каражаттар бар, бирок колдонуучулар азырынча өтө деле кызыкпай жатышат», - деп А. Кулматов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз колдонуучуларга бузук жана грамматика боюнча туура эмес болгон англис менен орус тилдеринде жазып-окуусу оңоюраак.

«Кыргыз тилин интернетте аз колдонушат, себеби көбү аны начар билишет», - деп ал белгиледи.

Эске салсак, кыргыз тилин интернет аркылуу котормочусуна киргизиши үчүн 30 миң долларга жакын акча керек.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg