Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө 12-сентябрда Садыр Акенин айкели ачылат

Ысык-Көлдө 12-сентябрда Садыр Акенин айкели ачылат. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Садыр Акенгин небереси Дөөлөтбек Салмакеев билдирди.

Айтылуу Садыр Аке Ысык-Көлдүк 7 акенин бири. Ал 1821-жылы төрөлүп, 1905-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок, анын артында ал жасап өткөн иштери, акылмандык менен кыргыз-кытай чек арасын чечүү маселелери, орус-кыргыз алакаларын калыбына келтирүүдөгү албан-албан аракеттери көпчүлүктүн эсинде калды. Анын кара кылды как жарган калыстыгынан, чындыкты бетке айтуудан тайманбаган кашкөйлүгүнөн улам замандаштары «Чындык сурасан Садыр Акеге бар» деп айтышып, ал макал азыр дагы өз күчүн жоготкон жок.

Садыр Акенин урпактары бул жолу баасы 12 мин АКШ доллары турган эстеликти орнотушат. Анын 3 мин долларын небереси Дөөлөт Салмакеев өздүк каражатынын эсебинен чыгарган. Эстелик ушул айдын бешинде орнотулуп, анын ачылыш аземи 12-сентябрда Кожояр айылында өткөрүлөт. Эстеликтин сырты болсо жез менен жалатылып, ал Садыр Акенин тулкусу менен туруп турган элесин чагылдырат.

Эстеликти ачуу аземинде куттуктоо сөздөрүнөн кийин театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, республиканын эстрада жана фольклор жылдыздарынын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар жанырат. Ошондой эле улуттук «көк бөрү» оюну демонстрацияланып, женүүчүлөргө материалдык сыйлыктар берилет. Мында тигилүүчү 40 боз үйдө кыргыздын каада-салтына жана үрп адатына шайкеш келген буюм-тайымдардын жана тамак-аш азыктарынын көргөзмөсү коюлат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg