Акыркы макалалар

Талас облусунан Казакстанга жер берилгендиги тууралуу маалымат чындыкка төп келбейт, - өкмөттүн эксперти А.Момбеков

Талас облусунан Казакстанга жер берилгендиги тууралуу буга чейин жарыяланган маалымат чындыкка туура келбейт, деп билдирди өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти Аскар Момбеков бүгүн, 1-сентябрда Turmush агенттигине.

Анын айтымында, 2012-жылдын 28-сентябрында Кыргызстандын Талас облусу менен Казакстандын Жамбыл облусунун ортосунда 2 миң 244 га жер аянттын аймагын эки жактын шарттарына жараша алмашып пайдалануу боюнча келишим түзүлгөн.

«Мындай келишим Кайнар айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн. Кайрылууга 500 жарандын колу коюлган», - деп түшүндүрдү эксперт.

Муну менен Казакстан тарап Кыргызстанга «Малый клин» тилкесин берүүлөрү керек болчу. Ал эми Кыргызстан Казакстанга алардын аймагына жакын болгон 144 га жерди, ошондой эле Казакстан Кыргызстанга «Большой клин» участогунун 2 миң 600 га жерин бериши керек болсо, Кыргызстан Казакстанга аларга аймакташ болгон 2 миң 600 га жер тилкесин берүүсү керек болгон.

А.Момбеков белгилегендей, кийинчерээк эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары жерди алмашууга каршылыктарын билдирип чыгышкан. Мындан улам 2013-жылдын 16-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөтүнүн биргелешкен жыйынында жер тилкелерин алмашуу тууралуу келишим жокко чыгарылган.

«Ошентип Казакстанга эч кандай жер берилген эмес», - деп билдирди эксперт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-сентябрда Кара-Бууранын Кайнар айылынын тургундары жер тилкеси Казакстанга берилип кеткенине каршчы чыгып, кармалып кеткен жердеши боюнча нааразычылык акциясына чыгышкан.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg