Акыркы макалалар

Кыргызстан Интернет пайдалануучулар саны боюнча 148 мамлекеттин ичинен 101-орунду ээледи

Кыргызстан Интернет пайдалануучулар саны боюнча бир жыл ичинде 4 позицияга түштү, башкача айтканда, 148 мамлекеттин ичинен 21,7% менен 101-орунду ээледи. Бул тууралуу World Economic Forum (Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум) тарабынан даярдалган, экономиканын атаандаштык мүмкүнчүлүгү отчетунда (Global Competitiveness Index 2013-2014) айтылат.

Бул тизмеде Казакстан 53,3% менен 61-орунду, Орусия 62-орунду (53,3%) ээледи.

Алдыңкы ондукка: Исландия — 96%, Норвегия — 95%, Швеция — 94%, Дания — 93%, Нидерланддар — 93%, Люксембург — 92%, Финляндия — 91%, Жаңы Зеландия — 89,5%, Катар — 88,1%, Бахрейн — 88% менен киришти.

Бурунди, Мьянма жана Тимор-Лесте 1,2%, 1,1% жан 0,9% көрсөткүчтөр менен рейтингдин эң акыркы саптарына жазылышты.

КР 2012-2013-жылдардагы рейтингде 144 өлкөнүн ичинен 97-орунда болгон (20%), Казакстан — 62, (45%) жана Орусия — 57-орун (49%).

Түп нускага шилтеме : barakelde.org