Акыркы макалалар

Айзада Жамгырчиева, “Кыргызстан Мисс-2014” сынагынын жеңүүчүсү: “Пейилди кенен коюп шүгүрчүлүк менен баарына жетсе болот”

Айзада Жамгырчиева, “Кыргызстан Мисс-2014” сынагынын жеңүүчүсү: “Пейилди кенен коюп шүгүрчүлүк менен баарына жетсе болот”

“Ааламдын көркүн ачкан ай жылдыз болсо, адамзаттын көркүн ачкан айымдар” дешет акылмандар. Бул кеп жөн жеринен айтылбаса керек. Чындыгында эле айымдардын сулуулугу бардык нерсени иймендирип өзүнө тартаары бышык. Бүгүнкү “Ай чырайдын” мейманы Кыргызстандагы сулуулар арасындагы “Кыргызстан Мисс-2014” сынагынын жеңүүчүсү Айзада айым болду.

– Айзада айым, кечээ жакында сулуулар сынагында байгелүү орунга ээ болуптурсуз, оболу ошол туурасында кыскача айта кетсеңиз?

– Ооба, быйылкы жыл мен үчүн жемиштүү болду көрүнөт. Анткени, эки ирет сулуулар сынагына катышып өзүмдү башка чөйрөдө дагы көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Алгач "Мисс жана Мистер-2014" сынагында Гран-при алдым. “Мисс-2014” аталыштагы наамга татыктуу болуп Түркияга 7 күнгө жолдомо алып Анталияга дагы эс алып келүүгө жетиштим. Негизи адам баласы туура максат кое билип анан эмгектин негизинде ага жете билүүнү эске сала кетет элем. Бул сынакта мен Гран-приден тышкары көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп интернет добуш берүүдөн дагы ийгиликке жете алдым.

– Жаш болсоңуз да теле жаатында аралашып келесиз, долбоорлоруңуз тууралуу билсек?

– Теле жаатында 17 жашымдан тартып алып баруучу катары аздыр-көптүр эмгектенип келем. Бул чөйрө дайыма мени шыктандырып турат, анткени, жакшы көрүп жасаган жумушум десем болот. Эң алгач Асыл Апасова эженин көмөгү менен "Алтынчы күнү кечинде" деген программада кызмат кылып жүрдүм, андан соң "Үй-бүлөлүк лото" жана "Мекен чегинде" көрсөтүүлөрүн алып барып жүрөм. Алдыда дагы жакшы сунуштар бар, буйруса күбө боло аласыздар. "Булак акпай тура берсе жыттанып, эч кимге пайдасы жок болуп калат" деп айтылат эмеспи, мен дагы бир чөйрөнүн тизгинин кармап отура бербестен өзүмдү ар тараптан сынап көргүм келет.

– Сулуу кыздардын аудиториясын жигиттер ээлейт эмеспи, дегеним, аша чамынган күйөрман жигиттер же байкелерден чайлашуу сунушу түшкөн учурлар болду беле?

– Болот, жеке эле мен эмес көп кыздардын аша чамынган күйөрманы болсо керек. Мындай учурларда акыл калчап сабырдуулук менен жооп берип, түшүндүргөнгө аракет кылам. Эгер такыр эле түшүнбөсө унчукпай гана тим болом. Анткени “үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат” деген кеп бар эмеспи.

– Сулуулук сиз үчүн кандай мааниге ээ ?

– Мен үчүн сулуулук бир бүтүн адамдай. Мисалы, адамдын бир жери ооруса бүткүл денеси ооруйт эмеспи. Ошондой эле жүзү сулуу, бирок кыялына кырк киши чыдагыс болсо ал бир мүчөсү жетишпеген майып адамдай болуп калат деп ойлойм. Андыктан мен учун адамдардагы сулуулук анын адамдык сапатында.

– Келечекке койгон кандай максаттарыңыз бар?

– Келечекте буюрса койгон максаттарым көп. Аларды акырындап ишке ашырып келе жатам. Негизгиси пейилди кенен коюп шүгүрчүлүк менен баарына жетсе болот.

– Учурдагы сизди түйшөлткөн маселе?

– Эми маселеси жок адам болбосо керек. Мен өзү бардык нерсени жүрөгүмө жакын алып ойлоно берген жайым бар. Ошондуктан күнүмдүк жашоодогу дагы башка маселе бар. Бирок, тоскоолдуксуз эч убакта кыйын иштер жасалбайт, андыктан астымдан чыккан ар бир тоскоолдукка позитивдүү көз караш менен карайм.

– Сулуу айымдарды көргөндө жигиттер ар кандай кадамдарга барышат, сиз үчүн кооптуу же чечкиндүү кадамдарга барган мырзалар болгонбу?

– Ооба, болот. Кээ бири: “Унааң жок экен, унаа сатып берем, мага турмушка чык!” дегенге чейин баргандар болгон. “Рахмат, сунушуңузга! Бирок, алалбайм” деп гана кутулам.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg