Акыркы макалалар

Таласта спорттун 9 түрү боюнча спартакиада өтүүдө

Учурда чакан шаарлардын мэрияларынын муниципалдык кызматкерлеринин ортосунда спорттун 9 түрү боюнча спартакиада өтүүдө. Бул туурасында мэриянын башкы адиси Кадырбек Сарчаев маалымдады.

Анын айтымында, бул спартакиадага катышуу үчүн Кыргызстандын 13 шаарынан 400гө жакын спортсмендер, калыстар тобунун 57 мүчөлөрү катышууда. Баткенден, Кадамжайдан, Кара-Балтадан, Караколдон, Канттан, Кызыл-Кыядан жана башка чакан шаарлардан келген муниципалдык кызматкерлер тогуз коргоол, стол тенниси, кол күрөш, волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол боюнча күч сынашат.

Азыркы тапта Талас шаарынын борбордук стадионунда футбол, волейбол жана жеңил атлетика боюнча ат салышуу жүрүп жатса, шаардын бардык мектептеринин спорт залдарында спорттун калган түрлөрү боюнча күрөш жүрүүдө. Ал эми бүгүн кечинде шаардын борбордук стадионунда спартакиаданын расмий ачылышы болуп, ага облустун, шаардын жетекчилери жана республиканын спорт тармагынын жеткчилеринин катышуулары күтүлүүдө.

назад

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg