Акыркы макалалар

Issyknews. Караколдо тазалык ишинде жумушчулар жетишсиз

Шаардагы таштандыларды тазалап, андагы акыр-чикирлерди чыгарууда 6 айдоочу, 12 таштанды чыгаруучу жумушчу иштейт. Калааны тазалоодо бул жумушчулар жетишсиз. Бул тууралу Каракол шаардык “Тазалык” ишканасынын башкы инженери Виктор Шемчуг билдирди.

Анын айтымында жумушчулардын жоктугу айлык акынын аздыгынан: “Ишканага айдоочулар да, тазалоочу жумушчулар да жетпейт. Көп киши иштегени келишет, бирок 2-3 күн эле иштеп кетип калышат. Анткени иш оор, ошону менен бирге эле төлөм акысы аз. Жогорулатылган айлыгы бир айга 3 800 сом түзөт.”-дейт В. Шемчуг.