Акыркы макалалар

Аблязов Англиянын сотторунан утулуп жатат

Аблязов Англиянын сотторунан утулуп жатат

Сот казак олигархынын өтүнүч катын четке какты

Өткөн шейшемби күнү казак ишкери негизги соттук кармаштан утулуп калды, ага карата Казакстандагы эң ири банк болгон БТА банк тарабынан Лондондун Жогорку сотуна берилген 6 млрд. долларды өндүрүү тууралуу доо арызга каршы берген Аблязовдун каршылыгы четке кагылды.

БТА банк анын мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовду жетекчилик кылып турган маалда «мыйзамсыз түрдө менчиктеп алды» деп болжолдонуп жаткан миллиарддаган долларды кайтарып алыш үчүн ага жана башка тараптарга каршы бир нече доо арыздарды берип, сары изине чөп салууда. Бул Англиянын Жогорку сотуна берилген алдамчылык фактысы боюнча эң үлкөн соттук иштердин бири.

Шейшемби күнү Апелляциялык сот Аблязовдун карышылыгын четке какты жана муну менен БТА банктын жетекчилигине карата доо арызга жол ачты, эми ал соттук негизде өзүнүн ишке катышы жок экенин тана албайт. Банк анын активдерин мажбурлап өндүрүп алууну баштагысы келип жатат.

Соттун чечимдеринин биринде Аблязов сотту сыйлабагандыгы үчүн 22 айга абакка кесилген. Аблязов темир тордун артына жаткан жок, анткени ал Англиядан Европага февраль айында өкүм чыгарда качып кеткен. Ошондон бери ал коомчулукка чыкпай калды жана кайда жүргөнү белгисиз.

Шейшемби күнү ошондой эле Аблязовдун андан активдерди ачууну жана кайтарып берүүнү талап кылган соттун экинчи чечимине каршы берген өтүнүч каты да канааттандырылбай калды. Ошондой эле шаршемби күнү Жогорку сот Аблязовдон тышкары башка тараптардын доо арыздарын карай баштамакчы.

Ишкер 2009-жылы Казакстандан качып кеткенден кийин Улуу Британиядан башпаанек тапкан. Аблязов өз күнөөсүн четке кагууда жана ага тагылып жаткан дооматтар саясий негизде экенин айтып, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев аны саясий каршылаш катары жок кылгысы келип жатканын билдирген.

Аблязов өзүнүн БТАдагы кызматынан кеткенден кийин мамлекет банктын андан аркы тагдырына олуттуу тынчсызданып 75,1% үлүшүн өзүнө алган. Кийинчерээк банк активдеринин карызга карата тартыштыгы 16 млрд. долларга жеткендиктен банкротко учурган. Мунун кесепетинен бир катар Батыш банктары, анын ичинде Шотландиядагы Королдун банкы, «Barclays» менен HSBC көп миллиарддык карызын кечүүгө аргасыз болгон.

Джейн Крофт

«Financial Times», 6-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg