Акыркы макалалар

А. Алымкулов: “Кыргызстандын жаштары өздөрүнүн келечектеги адистигин тандоодо жаңылышып жатышат”

Кыргызстандын жаштары өздөрүнүн келечектеги адистигин тандоодо чоң кемчиликтерди кетирип жатышат. Бул тууралуу КРнын эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал окууга тапшырган жаштардын көпчүлүгүнүн эң беделдүү адистиги юридикалык жана экономикалык факультет болуп эсептелет деп билдирди.”Жалпысынан 11-классты бүткөн окуучулардын жарымы эле аталган факультеттерге тапшырышат. Мындай тенденция көп жылдан бери байкалып келет. Ошондуктан башка тармактарда адистердин жетишсиздиги пайда болуп жатат. Азыркы учурда ушул тармакта иштеп жаткан адистер карып бара жатышат, жаш адистер келишпейт. Биздин жаштар келечектүү тармакты тандоосу керек экенин түшүнүшү зарыл”-дейт А.Алымкулов.

Анын айтымында жакынкы аралыкта кыргызстанда өнөр жай, тоо-кен казуу, агрардык секторлор, энегетика тармактары өнүгүү жолуна түшөт. “Жаштар ушул жаатта жогорку окуу жайларына тапшырышы керек. Эгер республииканын өнүгүшүнө жаштар салым кошпосо, анда ким өнүктүрөт?,-дейт министр.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg