Акыркы макалалар

Медиа-долбоор боюнча өткөрүлгөн сынакта “Кабар” маалымат агенттигинин долбоору мыкты деп табылды

Медиа-долбоор боюнча өткөрүлгөн сынакта “Кабар” маалымат агенттигинин долбоору мыкты деп табылды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлдан 11-июлга чейин "Арачылардын Элдештирүүчү тармагы" коомдун фондунун "Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби", "Сорос-Кыргызстан" фонддорунун демилгеси менен "Жалпыга маалымдоо каражаты аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу" аталышындагы жаңы долбоордун алкагында 1 жумалык тренинг өткөрүлгөн. Тренингдин аягында аталган иш-чарага катышкан ММК өкүлдөрүнүн арасында “Мыкты долбоор” боюнча сынак жарыяланган.

Натыйжада калыстар тобунун тандоосу менен “Кабар” маалымат агенттигинин долбоору мыкты долбоор деп табылган.

Уюштуруучулардын айтымында долбоор маданий жана этникалык ар түрдүүлүк боюнча контентти өнүктүрүүгө, Кыргызстандагы ЖМКдагы этника аралык диалогдун конструктивдүү ролун күчтөндүрүүгө, ар түрдүү тилдеги маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган толеранттуулукту жайылтуу болуп саналат.

Жалпысынан алганда иш-чарада жогорку компетенттүү чет элдик машыктыруучулардын алдында жергиликтүү телеканалдардын, радиостанциялардын жана он-лайн журналисттеринин редакцияларда ар түрдүүлүктү уюштуруу маселелеринде маалымдуулугун жогорулатуу, көп маданияттуу коомдо репортаждарды даярдоо көндүмдөрүнө үйрөтүү, азчылыктардын укуктарын чагылдыруу, дискриминациялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча окутуулар болгон.

Долбоордун алкагында репортерлорду оригиналдык медиа контенттин жардамы менен ар түрдүүлүктү жана тил талаптарды чагылдырууга үйрөтүүлөр жүргүзүлүп, өз маалында изилдөөнүн негизинде ар түрдүүлүктүн идеясын таратуу механизмдери иштелип чыккан.

Тренингдин акыркы күнү долбоордун катышуучулары өздөрүнүн долбоорунун үстүндө иштеп, компания тарабынан сунуштарды киргизген. Көз карандысыз калыстар тобунан турган комиссия 15 долбоордун ичинен 6 компанияны тандап алышкан.

Аталган долбоордун жеңүүчүлөрү “Маалымат эркиндиги” программасынан атынан гранттык колдоого ээ болуп, ушул июль айынын ортосунан баштап декабрь айына чейин жазылган сунуштарды иш жүзүндө ашырат.

Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, мыкты долбоорлор болуп төмөнкү массалык маалымат каражаттары аталган:

“Кабар” маалымат агенттиги – “Аймактагы этникалык турмуш” телепроекти, бул проект өлкөдөгү бүткүл коомдун жашоо турмушун, этникалык азчылыктардын маданиятын жана жарандык иденттүүлүк боюнча маалыматтарды чагылдырат.

Ош шаарындагы “ЭлТР” телеканалы, «БизМыWe» телепроекти, бул долбоор жаштар арасындагы этникалык азчылыктардын тилин, маданиятын жана ийгиликтерин көрсөтөт.

“Баткен ТВ” (Баткен шаары) – “Ынтымак” деледолбоору. Бул боюнча аталган компаниянын өкүлдөрү региондогу элдин ынтымагын бекемдөө жана келечекке этникалык азчылыктар менен кыргыз улутундагылардын байланыштарын жакшыртуу максатында программаларды сунуштайт.

“Ынтымак” телекомпаниясы- “Менин жашоом” аталышындагы телерубрика менен жаштарды, жалпы коомду толеранттуу, билимдүү жана башка жакшы сапаттарга ээ болууга чакырат.

Format.kg (Ош шаары) - “Биздин каармандар” медиа-порталында репортаждар сунушталат. Анда ар түрдү улуттагы белгилүү, жөнөкөй жашоо образын өткөргөн өлкөнүн жарандары тууралуу маалыматтар даярдалат.

“Ысык-Көл толкуну” (Каракол шаары) – “Менин Кыргызстаным” радиопроектисинде чыгарылат. Аталган проектте Ысык-Көл облусундагы жаштарды тилдик, маданий, этникалык көп түрдүүлүккө сый-урмат көрсөтүүгө, жалпы жарандык иденттүүлүккө тарбиялоо боюнча иш-аракеттер болот.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg