Акыркы макалалар

Талас облусунда жол кырсыгы көп катталууда

Талас облусунун аймагында ушул жылдын 6 айында жол кырсыгынын саны 5%га, жол кырсыгынан каза болуу 2%га, жаракат алуу 25%га өскөн. Бул тууралуу Талас облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Бүгүнкү күндө ар бир жол кайгуул кызматынын кызматкерине 60 чакырым жол тилкесин тейлегенге туура келгендиктен жана өздөрүнүн жол тилкесин толук көзөмөлгө алганга жетишпей жатканы жол кырсыктарынын өсүп кетишине бирден бир себеп болууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg