Акыркы макалалар

Султан Каназаров, «Азаттык» радиосунун жетекчиси:

Султан Каназаров, «Азаттык» радиосунун жетекчиси:

Айылда «пожар Султан» деген ат менен белгилүүмүн

– Ата-энем экөөсү тең врач болгондуктан оорукананын тегерегинде чоңойдум десем болот. Бирок мен көбүнчө таята-таенемдин колунда тарбияланып өстүм. Тилекке каршы, апам 10 жыл мурун каза болуп калган, атам Москвада врач болуп иштейт. Жаш кезимде аябай шок бала элем. Өзүмдөн улуу балдар мени кичинекей деп эч нерсесине кошушчу эмес. Бир жолу алардын картошка бышырып жегенин көрүп калып, мен да бышырып жегим келди. Анан 3 картошканы алдым да, таекемдер жаңы эле жыйнап койгон чөптүн астына коюп чөбүн өрттөп ийдим. Жайдын күнү 30 градус ысыкта өрттүн жанына 20 метрдей адам жолой албай калат экен. Чөп өтө чоң болгондуктан катуу өрт болгон. Элдин баарынын терилери барсылдак болуп күйүп, араң өчүрүшкөн. Анан таекелерим мени сөгүп, кайрадан чөп жыйнаган. Ошондон улам «пожар Султан» аталгам. Азыркыга чейин айылга барсам мени “пожар Султан” деп айтышат.

Тарых мугалими болгум келчү

– Ата-энем экөөсү жана апамдын 8 бир тууганы да врач. Башкача айтканда врачтардын тегерегинде чоңойсом да негедир ал кесиптин ээси болуу оюма келбеди. Алар да болгум келбесин байкаса керек, врач болосуңбу деп да сурашпады. Мектепте көпчүлүк сабактарды жакшы окуганым менен химияга окшогон сабактарды такыр окубадым. Өзүм тарыхчы болуп, сабак бергенди каалачумун. Чыгыш таануу факультетин аяктагандан кийин деле тарыхчы болуп калсам болмок. Бирок окууну бүтө электе эле жумушка орношуп, журналистикага аралашып кеттим.

Чоң деңгээлге жеттим деп айта албайм

– Журналистика тармагына кокусунан келип калдым. Окуп жүргөндө эле Чынара Жакыпова башкарган «Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу» институтунда макала жазып иштеп жүрсөм, “Азаттыкка” конкурс жарыяланып калды. Сынактан өтүп, журналистикага аралашып иштеп калдым. Чынын айтканда журналистика эркектин деле жумушу деп эсептебейм. Көп учурда кыздарга туура келчү кесип. Себеби майда, нерв кетире турган жумуш. Буга аял кишилердин нерви жетет. Эркек кишилердин энергиясы жаратман нерселерге жумшалса жакшы болмок деп ойлойм. Албетте журналисттердин да, ашпозчунун да мыктысы эркектер. Өзүмдү өтө чоң деңгээлге жеттим деп айта албайм. Журналистика өзү кызыктай кесип. Күндө бир нерсе жазымыш болосуң, ал 2-3 күндөн кийин унутулат. Күнүмдүк коомдук пикирди калыптандырабыз, бирок түбөлүккө кала турган нерсе жазбайбыз. Мисалы, Айтматовдун чыгармасын 100 жылдан кийин деле окуй беребиз. Ар бир муун өздөрүнө жараша кабыл ала берет.

Бир кездеги группалашым азыр келинчегим

– Келинчегим көлдүн кызы, экөөбүз университетте бирге окуганбыз. Учурда ал БУУнун качкындар боюнча башкы башкармалыгында иштейт. Үй-бүлө болгондон кийин түшүнбөстүктөр болбой койбойт. Казан-аякты кагыштырбаганга аракет кылабыз. Кээде ушул экөөбүздүн урушпаганыбыздын себеби менин мүнөзүмдүн жакшылыгы болсо керек деп тамашалап калам. Жети жаштагы уулум жана 2 жаштагы кызым бар. Тилекке каршы жумуш үй-бүлөмө көп көңүл бурууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Эң өкүнгөнүм уулум менин тарбиямды аз алып калды. Ошондон уламбы, айтор, балам экөөбүздүн ортобузда бир аз ажырым бар. Азыр кызыма өзгөчө көңүл бөлүп турам. Негизи аталар балдарга көбүрөөк көңүл бөлүш керек окшойт деп калдым. Себеби, балдар биздин сүйүүбүзгө муктаж экен. Анан баланы тыйып: “Тигини кылба, муну кылба!” дебестен эркин тарбиялаш керек. Эркин өскөн бала баары бир башкача болуп өсөт.

Баламдын тили «байке» деп чыкты

– Интеррегионалдык үй-бүлөбүз десем болот. Балам бул жакта чоңоюп, таекелери менен көбүрөөк аралашкандыктан тили байке деп чыкты. Кээде чыныгы Жалал-Абаддык жигит болбой калабы деп ичим күйөт. Бирок, жыл сайын чектелген убакытка болсо да айылга жөнөтөм. Баары бир акелерин байке деп айтат экен. Өзүнөн: «Сен каяктыксың?» деп сурап калсам, ойлонбой туруп: «Бишкектен, Чоң-Арыктан болом» деп айтып алат. Анан мен: «Кандайча Бишкектен? Сен деген Жалал-Абаддансың да, менден башка бирөө сураса Жалал-Абаддыкмын деп айт» деп үйрөтүп калам. Мен ойлойм, ар кайсы аймактан түзүлгөн үй-бүлөдө түндүк-түштүк деген маселе жок болот. Албетте, тамаша иретинде болушу мүмкүн. Ушундай үй-бүлөлөр көбүрөөк болсо түндүк-түштүк маселесине чекит коюлат эле.

Иштеген жериме аз да болсо пайдам тийди

– Кыргыздын баары чоң болгусу келет. Эмнени болсо да эптеп бир нерсени башкарышы керек (тамаша). Менин медиа тармагынан кетип калышым азырынча кыйын маселе. Кийинчерээк ЖК депутаты болгум келет. Кыргыз элиме пайдасы тие турган иштерди жасасам деген ойлорум бар. Буга чейин өкмөттө бөлүм башчы, Президенттин пресс-катчысы, коомдук теле каналдын жетекчисинин орун басары болдум. Тактап айтканды, өзүмдүн жашыма жараша жакшы эле жолду басып өтүп, тажрыйба топтодум деп ойлойм. Иштеген жериме аз да болсо пайдам тийди.

Жумушсуз калам деп ойлобойм

– Табиятымдан мээнеткеч кишимин. Бекерчи кишилерди жаман көрөм. Бош убактым дээрлик жокко эсе. Жумуштан бошосом үй жумуштарын жасайм, андан башка да толтура жумуштарым бар. Чыныгы профессионал кызматкер эч качан жумушсуз калбайт. Өзүмдү эч качан жумушсуз калам деп ойлобойм. Ар дайым кайсыл жерде иштебейин “параллел иштеп бер” деген 2 же 3 сунуш түшөт. Өзүмдүн ишимди жакшы билген мыкты кызматкермин деп айта алам.

Бош убакытымды достор менен өткөрөм

– Жумуштан чарчаганда ар кайсы тармакта иштеген досторум бар, ошолор менен жолугам. Алар менен отурганда саясаттан башка бардык теманы талкууга алабыз. Андан сырткары, ар кайсы региондун жакшы жерлерине барып эс алып келебиз. Баарыбыздын балдарыбыз жаш болгондуктан аны шылтоолоп келинчектерибизди алып барбайбыз. Кыргыз жаштарынын арасында спирт ичимдиктерин ичүү азайып бара жаткандыгы мени аябай кубандырат. Өзүм ичкиликке жокмун. Достор менен жумасына бир жолу жолугушуп сөзсүз бир жерге отуруп эс алабыз. Ошондо кафе-ресторандарга киргенде канча киши арак ичип атат, байкаштырам. Арак ичкендер көбүнчөсү совет доорун көргөн улуу муундагылар болот. Мен курактуулар азыраак ичип калышты. Улуттун ден соолугу өтө чоң ролду ойнойт.

Пессимист адам эмесмин

– Кишинин көңүлүн оорута албайм. Өзүмө оорчулук келип турса да, бирөөнүн сөзүнө макул болуп аткарып берем. Кээде кызуу кандуулукка алдырып катуу да айтып коём. Тилимди тыйбай айтып алып, зыяны тийип калган учурлары да болот. Көп учурда адилеттик үчүн же бирөөгө болуша коём деп зыян тартып калам. Кек сактабайм, пессимист эмесмин. Убагында бут тосуулар да көп болгон экен. Ошондой нерселерге көңүл бура бербегендиктен көп жылдан кийин «баланча сага бут тосту эле, ушундай иш аракеттерди кылган» деген сөздөрдү угуп калам. Кудайга шүгүр дешим керек, жашоо мени көп кыйнаган жок. Ушуга чейин ийгиликтин үстүндө эле келе жатам. Жакшы үй-бүлөдө, жакшы атмосфера чоңойдум. Билим алганга мүмкүнчүлүгүм болду. Мени жашоо тагдыр колуман кармап эч кимдин көзүн каратпай алдыга сүрөп келе жатат.

«Азаттык» тууралуу

– Мен “Азаттыкта” 10 жыл мурун да иштеп кеткенмин. Ошол мезгилде да: «Силер мурда жакшы элеңер, акыркы кездери бийликтин сөзүн сүйлөп калдыңар» деген пикирлер бар болчу. Азыр да ошол эле пикирлер айтылып келет. “Азаттык” 10 жылдан бери бийликке ыктап келе жаткан болсо, такыр эле бийликчил болуп калат эле го. “Азаттык” бийликчил болуп кетти деп айта албайм. Биз бийликчил да, оппозициячыл да эмес, элдик маалымат каражаты болгубуз келет. Кыргызстан кичинекей мамлекетпиз, биздин ар бир кыймылыбыз байкалып турат. Анын үстүнө “Азаттыктын” ички эрежелери да катуу, мен каалаган чакта да бийликчил кыла албайм.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg