Акыркы макалалар

Баткендик тургундар камап койгон кытай чалгынчыларга айып салынат

Баткендик тургундар камап койгон кытай чалгынчыларга айып салынат

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин чалгындоо учурунда жергиликтүү эл тарабынан контейнерге кармалган кытайлык 4 жарандар админстративдик жазага тартылат. Бул тууралуу Кадамжай райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрда саат 12:30дар чамасында болгон. Анда Кытай жарандары Шамбесай алтын кенине келип чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошол учурда айылдын 50-60ка жакын жашоочулары аларды камап коюшкан. Окуя болгон жерге райондук милиция кызматкерлери барып, Кытай жарандарын камалган контейнердин ичинен бошотуп чыгышкан.

Ал эми камалган кытайлык 4 жаран Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Сандалаш аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн «Голден-Групп» комапниясынын башчысы жана кызматкерлери экени аныкталган.

Натыйжада аларга административдик кодекстин негизинде мыйзам бузуулары үчүн административдик айып салынып, иштеген компаниянын ишмердүүлүгү текшерүүгө алына турган болду.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg