Акыркы макалалар

Орусияда кыргызстандык келин тирүүлөй өрттөлгөнү кабарланууда

Орусияда кыргызстандык келин тирүүлөй өрттөлгөнү кабарланууда

Орусияда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык келинди өрттөп кетишти. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Ленинград облусунда болгон. Шлиссельбург шаарынын аймагында 24-июнга караган түнү өрттөнгөн соода күркөлөрүнүн биринен кыргызстандык келиндин күйгөн сөөгү табылган.

Ал эми өрттөн оор жаракат алган 19 жаштагы жигит ооруканага жаткырылды. Ал каза болгон келин эжеси болгонун, аларды түн ичинде белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөп кетишкенин айтып берген.

Орус маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, бул кылмышка каза болгон келиндин күйөөсү шектелүүдө. Ал алгач келинди сабап, кийин соода күркөсүнө кирип, бензин чачып өрттөп кеткен.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя такталып жатканын билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org