Акыркы макалалар

Туздуу-Көлдүн шартына эс алуучулар нааразы

Туздуу-Көлдүн шартына эс алуучулар нааразы

Тоң районунда жайгашкан Туздуу-Көл каралбай калды. Жада калса эл алуу үчүн барган жарандар үчүн шарттарда түзүлгөн эмес. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Ал эми жергиликтүү бийлик аталган көл ижарага берилип кеткендиктен, каралбай жатканын белгелейт. Ал эми эс алуучулар болсо шарты жоктугунан ал жакка баруудан баш тартышып жатканын айтат.

Туздуу-Көл Ысык-Көл облсуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында, негизги трассадан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ысык-Көлдүн түштүгүндө жайгашкан туздуу көлгө шыпаа табуу үчүн да, эс алуу үчүн да келгендердин саны жылдан жылга азайып жатканын жергиликтүү эл билдирет.

Ушул тапта Туздуу-Көл Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөгө чейин белгилүү. Ошого карабастан, ал таптакыр каралбай калган. Жада калса жарандар үчүн жакшы шарт түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутат Абдыбек Дюшалиев билдирди.

Эл өкүлү бул маселеге өкмөт көӊүл буруп, эс алуучуларга ыӊгайлуу шарт түзүү чараларын колго алуусу зарыл деп эсептейт.

-Өкмөт Туздуу-Көлдү, анын Кара-Көл деген да аты бар, тээ илгери эле «Гүлстан» деген чарбага берип койгон экен. Ал чарба ушул кезге чейин эс алуучулардан акы алуудан башка эч нерсе жасаган жок, алтургай, туалети да жок. Ал жерде бир дагы инфратүзүм курулган эмес. Өкмөт жок дегенде ага баруучу 13 чакырым жолду куруп берсе жакшы болмок.

Мындан улам Тоң районунун акими Таалайбек Ажиевге кайрылып, көлдүн иштетилиш боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер боюнча пикирин уктук.

Анын айтымында, Туздуу-Көл 1995-жылы «Чарба-Дыйкан» деген чарбага өкмөт аркылуу 49 жылга берилип кеткен. Чындыгында эл нааразы болгондой эле шарты түзүлгөн эмес. Мындан улам акимчилик презединттик аппаратка жана өкмөткө кайрылып, токтомду жокко чыгарып, көлдү муниципалдык жол менен иштетүүгө шарт түзүп берүүсүн талап кылган.

-Бул маселени былтыр эле көтөрүп, өкмөткө кайрылганбыз. Бир эч нерсе жасалган жок. Чынында эл алуучуларга шарт жок. Бул боюнча көлдү ижарага алып иштеткен ишканага кайрылганбыз. Алардан чара көрөбүз деген гана жооп болгон.

Туздуу-Көлгө туристтер 2000-жылдан тартып келе баштаган. Улуттук илимдер академиясы тарабынан көлдүн суусуна жана кара баткагына анализ жасалып, бир канча ооруларга шыпаа экенин далилдеген.

Адистердин айтымында, көлдүн айланасындагы кара баткактар тери дарттарын, бронхит жана астманы айыктырууга жардам берет. Мында дарыланууга Европа менен Орусиянын алыскы аймактарынан жана бүтүндөй Азиядан туристтер келишет.

Туздуу-Көлдө тейлөөчү болуп иштеген Руслан Кожоев көлдүн касиети түшкөн адам эч качан сууга чөкпөйт дейт.

-Сууга түшүп башыңды киргизсең буттарың чыгып калат. Чалкаңдан жатып алсаңда калкып чыгасың. Ушундай өзүнүн касиети бар. Четтеринде булактар бар, андан чыккан суу менен көл тазаланып турат.

Дартка даба табуу үчүн барган жарандар көлгө кирүү үчүн киши башына 100 сом төлөшөт. Ал эми унааларга 150 сом каралат. Эс алуучулардын айтымында көлдүн санитардык абалы каралган эмес.

Үй-бүлөсү менен Туздуу-Көлгө эс алууга барган Жылдызбек Асанов көлдүн айланасы таштандыга толгонун жана даараткана, кийинип-чечинүүчү жай жок экенин айтып нааразы болду.

—Көлдүн ылайы жакшы дешкенинен атайын келген элем. Бирок киши башына акча алып жатышат. Бирок шарт жок. Азыр мен кайра кетип жатамын. Берген акчамды кайтарып аламын.

Туз-Көлдүн жээгине боз үйлөр тургузулган. Жергиликтүү тургундар боз үйдө меймандарды кабыл алышып, өз ишкерчиликтерин жүргүзүшөт. Сезон убагында жакшы киреше табышаарын айтышат.

Түшкөн кирешенин 30 пайызын Күн Чыгыш айыл өкмөтүнө төгүшөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg