Акыркы макалалар

Жогорку сот “Сентябрь” теле каналынын ишин кайра карайт

Жогорку сот “Сентябрь” теле каналынын ишин кайра карайт

Жогорку сот “Сентябрь” теле каналын жабуу ишин кайра карайт. Бул тууралуу «Медиа Полиси» фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Сентябрь» телеканалы 2017-жылдын август айында райондук сот тарабынан жабылган. Ал эми 27-декабрда каналдын иши Жогорку сотто каралган. «Медиа Полиси» фондунун айтымында, аталган сот отурумдары мыйзам бузуу менен өткөн.

Мындан улам аталган мекеме соттун чечимине макул эместигин билдирип, 25-майда кайрадан Жогорку сотко бөгөт чарасын кароо өтүнүчү менен кайрылган. Жогорку сот ишти кароону ушул жылдын 12-июлуна белгиледи.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2016-жылдын 29-сентябрында «Сентябрь» телеканалында чыккан Абдылда Капаровдун интервьюсун экстремисттик деп тааныган.

Соттун чечими менен аталган каналдын телерадио берүүлөрү токтотулган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg