Акыркы макалалар

Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды

Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды

Эми ал жакка жазуучунун эстелигин коюу мүмкүнчүлүгү да бар.

Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы сейил бакка кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул аракет Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашкан.

Чечим Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин 2018-жылдын 19-июнунда Минск шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы А.Шорец жана маданият башкармалыгынын башчысы В.Рудикова менен жолугушууда тастыкталган.

Жолугушууда сейил бакка эстелик орнотуу мүмкүнчүлүгү бар экени да айтылды.

Парктын жалпы аянты 19,6 гектарды түзөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg