Акыркы макалалар

Өкмөт бюджеттин чыгашасын 4 млрд сомго кыскартат

Өкмөт бюджеттин чыгашасын 4 млрд сомго кыскартат

Өкмөт үстүбүздөгү жылы бюджеттин чыгашасын 4 млрд сомго кыскартат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы өкмөт тарабынан пландалган бардык долбоорлор ишке ашырылат.

Эске салсак, мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2018-жылдын алгачкы 4 айында 46,1 млрд сомго жетти. Ал эми чыгашасы 39, 64 млрд сомду түзөт. Кирешенин 36,16 миллиарды салыктан түшкөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg