Акыркы макалалар

Кыргыз драма театры Астанада өтчү сынакка катышат

Кыргыз драма театры Астанада өтчү сынакка катышат

Жаңылыкка сүрөттүн тиешеси жок.

"Коркут ата" спектакли 10-16-июнь күндөрү Астана шаарында өтө турган эл аралык "Самгау" фестивалына жөнөп кетти. Алар 13-июнда сахнага оюн көрсөтөт. Бул тууралуу драманын автору Кайрат Иманалиев билдирди.

Аталган спектакль адамдардын аң-сезимине дүрбөлөң салуучу, оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма.

"Коркут ата" 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү тууралуу жазылган. Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып өлүмдү жеңгендиги тууралуу баяндалат.

Драматург Кайрат Иманалиевдин "Коркут ата" чыгармасын маркум режиссер Марат Козукеев былтыр сахналаштырган.

Аталган спектакль 2017-жылы Казакстанда өткөн эл аралык фестивалга катышып, олжолуу кайткан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org