Акыркы макалалар

Түркияда шайлоо 24-июнга белгиленди

Түркияда шайлоо 24-июнга белгиленди

Түркияда мөөнөтсүз парламенттик жана президенттик шайлоо 24-июнга белгиленди. Ал эми чет өлкөдөгү жарандары 7-июндан 19-июнга чейин добуш беришет. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Мааылматка ылайык, чет элдеги түрк жарандарынын саны үч миллионго жетип, жалпы шайлоочулардын беш пайызын түзөт. Негизги бөлүгү Германияда жайгашкандыктан, бул өлкөдө 13 шайлоо бекеттери уюштурулду.

24-июнга белгиленген шайлоолор өзгөчө абалда өтөт. Учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган менен бирге дагы беш саясатчы президенттикке талапкерликтерин коюшту. Шайлоочулар президентке талапкер менен бирге алардын партияларын дагы парламентке шайлашат.

Белгилей кетсек мөөнөтсүз шайлоодон кийин Түркия апрелде өткөн референдумга ылайык президенттик башкарууга өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg