Акыркы макалалар

Бир жумада 11 миллион сом! ЖКККБ он миңдеген айдоочуга айып салды

Бир жумада 11 миллион сом! ЖКККБ он миңдеген айдоочуга айып салды

Кыргызстан боюнча рейд 25-майдан 31-майга чейин уюштурулду.

Өлкөдө бир жума аралыгында 23 114 айдоочуга жалпы суммасы 11 миллион 444 миң 141 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстан боюнча рейд 25-майдан 31-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага күч түзүмдүн бардык кызматкерлери тартылган.

Бул убакыт аралыгында 23 114 айдоочуга айып салынды. Алардын ичинен негизги эреже бузгандар:

— Мас абалында унаа айдаган — 55 айдоочу;

— Жол белгилерин эске албаган — 4254 айдоочу;

— Унаанын алдыңкы жана капталындагы айнектерди караңгылаткан — 67 айдоочу;

— Катуу ылдамдыкта айдаган — 2906 айдоочу;

— Унаа жылып баратканда коопсуздук курун тагынбай койгон — 6029 айдоочу.

Рейддин жыйынтыгында атайын унаа токтотуучу жайга 756 унаа жеткирилген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg