Акыркы макалалар

Эфирдик, санариптик телерадиоканалдар Социалдык пакетин уюштуруу тартиби тууралуу жобо бекитилди

Эфирдик, санариптик телерадиоканалдар Социалдык пакетин уюштуруу тартиби тууралуу жобо бекитилди. Өкмөттүн бул тууралуу токтомуна Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүнаппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүбилдирди.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын калкына санариптик телеберүүгө өтүү алкагында Социалдык пакетке, сыналгы жана үналгы каналдарына жеткиликтүүлүктү кепилдөө шартын камсыздоо максатында кабыл алынган.

Белгилесек, Социалдык пакет - теле жана радио-уюмдардын теле жана радиоканалдар пакети катары саналып, алардын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан 3 жылда 1 ирет бекитилет. Социалдык пакет калкка акысыз негизде жайылтылат.

Социалдык пакетти уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекитилген.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 3 айлык мөөнөттө Социалдык пакет уюштуруп, тийиштүү тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү сунушталган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg