Акыркы макалалар

Илимпоз Леонид Тузов көз жумду

Илимпоз Леонид Тузов көз жумду

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Леонид Тузов 3-июнда көз жумду. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профсоюздук комитетинен билдиришти.

Тузов 1925-жылы Пенза облусунда туулуп, кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келген. 19 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Белорусия, Польшадагы салгылаштарга катышкан.

Согуштан кийин Педагогикалык институтту аяктаган Тузов Теоретикалык физика кафедрасынын алдындагы аспирантура бөлүмүнө кабыл алынган.

Ал Кыргыз улуттук университети ачылгандан ушул күнгө чейин эмгектенип келген жалгыз адис.

Тузовдун жетекчилигинин алдында окумуштуулар металл, эриндилердин түзүлүштөрү жана рентген нурларнын таралышы тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

70 жылдык өмүрүн илимге арналган Тузов ССРдин жана Кыргызстандын алтын ордени, 16 медаль менен сыйланган.

Окумуштууну акыркы сапарга узатуу тажиясы 4-июнь күнү саат 11.00дө болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg