Акыркы макалалар

Ысык-Көлгө олимпиадалык база куруу пландалууда

Ысык-Көлгө олимпиадалык база куруу пландалууда

Эгер база Кыргызстанга салына турган болсо, дүйнөлүк атактуу спортчулар Ысык-Көлгө жөнөтүлүп турат.

Эл аралык олимпиадалык комитеттин алдында Ысык-Көлгө база куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов билдирди.

1-июнда КСДП фракциясынын депутаттары олимпиадалык базанын курулушу боюнча маселени көтөрүшкөн.

Аманкуловдун айтымында, бул маселе төрт жылдан бери талкууланып келет. Былтыр азыркы президент Сооронбай Жээнбеков (анда көмөт башчы болчу) "Солнышко" пансионатын спорт агенттигинин карамагына өткөрүү боюнча буйрукка кол койгон.

Дал ошол жакта эл аралык олимпиада комитетинин базасы пайда болмокчу. Аманкуловдун айтымында, Азия олимпиадалык комитетинин башчысы шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах Кыргызстанга келгенде анын курулушуна беш миллион доллар таап берүүгө сөз берген. Анда пансионатты Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинин оперативдик башкармалыгына өткөрүү боюнча сөз болгон.

"Белгисиз себептерден улам маселе создуктурулуп кетти. Бардык өлкө ичиндеги иш-аракеттер чечилип жатат. Эл аралык олимпиадалык комитетке пансионаттын жерин бербейбиз. Ал мамлекеттин менчиги катары калат, бирок улуттук олимпиадалык комитет базаны башкаруу иштери менен алектене бермекчи", — деди Аманкулов.

Улуттук олимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Эргешов курулуш боюнча маселе 2015-жылы эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах Кыргызстанга келгенде эле көтөрүлгөнүн түшүндүрдү.

Эргешовдун айтымында, пансионаттын айланасын оңдоп-түзөп, канализация тармактарын жакшыртып, балбандар машыгуу үчүн спорттук-реаблитациялык борбор куруу керек.

"Дүйнөдө мындай базалар аз эле. Мисалы, Кения менен Колорадодо бар. Эми бизге да мындай база куруу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Эске салсак, пансионаттын аянты 11 гектарды түзөт" — деди Эргешов.

Анын айтымында, дүйнөнүн белгилүү спортчулары Кыргызстанга мелдештен кийин эс алууга же машыгууга келип турат.

"Кыргыз спортчуларына баа жагынан артыкчылыктар болот. Ал эми чет элдиктердин акысын аларды көзөмөлдөгөн уюмдар төлөйт. Комплекс 500-600 спортчуну кабыл алмакчы", — деди ал.

Маалым болгондой, алдын ала эскиздер азырынча жок. Себеби эл аралык олимпиадалык комитет мурунку пансионаттын аймагын көрүшү керек. Курулуш иштери пансионат улуттук олимпиадалык комитеттин карамагына өткөрүлүп берилгенден кийин башталат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg