Акыркы макалалар

Бишкекте таксистти кордогон милиционерлерге кандай чара көрүлгөнү айтылды

Бишкекте таксистти кордогон милиционерлерге кандай чара көрүлгөнү айтылды

Чыр-чатак болгондон кийин кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн

Таксистке карата күч колдонгон №1 шаардык милиция бөлүмүнүн начальниги менен участкалык милиция кызматкерине катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Кечээ №1 шаардык милиция бөлүмүндө милиционер менен таксисттин ортосунда чатак болгондугу жөнүндө маалымат түшүп, кызматтык териштирүү башталган. Анын негизинде 2-июнда №1 шаардык милиция бөлүмүнүн начальниги менен участкалык милиция кызматкери сөгүш алды. Себеби алар таксистке карата күч колдонуп аны милиция бөлүмүнө сүйрөп барышкан", — деди Оморов.

Укук коргоо кызматкерлери менен таксисттин ортосундагы чыр-чатак айдоочунун унаасын машиналар өтө турчу жерге токтоткондугу үчүн чыккан.

Окуяга күбө болгон жарандар аны уюлдук телефонго тартып алышкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg