Акыркы макалалар

Өкмөт: Коррупциялык иштерде өндүрүлгөн акчалар үчүн атайын эсеп ачылат

Өкмөт: Коррупциялык иштерде өндүрүлгөн акчалар үчүн атайын эсеп ачылат

Мындан ары коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында өндүрүлгөн акчалар үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жакын арада «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердигинин натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн түшкөн каражаттары жөнүндө» кыргыз өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык иштерде өндүрүлгөн каражаттарды сактоо жана андан аркы пайдалануу үчүн атайын банктык эсепти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган. Атайын эсептин ачылышы укук коргоо органдары тарабынан алардын ишинин натыйжасында бардык акча каражаттарын топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле аларды өкмөттүн чечиминин негизинде гана даректүү бөлүштүрүүнү камсыздайт.

Атайын эсептин ачылышы көрсөтүлгөн акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупцияга каршы механизмдерди сапаттык жакшыртууга багытталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg