Акыркы макалалар

Финпол: "Росинбанк" аркылуу 3,3 млрд. сом сыртка чыгарылып кеткен

Финансы полициясы "Росинбанк" аркылуу Кыргызстандагы жалган фирмалардын эсебине үч миллиард сомдон ашык каражат түшүп, кайта чет жакка чыгарылып кеткенин аныктады. Банктын башкаруучулугунун жетекчи орун басары тергөө аяктаганга чейин камалды.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) "Россинбанктын" кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Финпол бир нече кызмат адамдар менен банктын кызматкерлерине карата документтерди жасалмалоо жана кирешени адалдоо боюнча материалдарды топтоду. Банктын башкаруучулугунун жетекчисинин биринчи орун басары А.Г. кармалып, соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын версиясы боюнча трансчекаралык кылмыштуу топ Россиянын банктары Кыргызстандагы "Росинбанк" аркылуу жалган фирмалардын эсебине акча которгон.

Билдирмеге караганда, салык төлөбөштүн айласын көрүп, тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенип жатат деген шылтоо менен жасалма документтердин негизинде келип түшкөн акча Россиядагы жана Сейшел аралдарындагы чет элдик компаниялардын эсебине которулуп турган.

"Аталган компаниялардын эсебине "Росинбанктан" 3 миллиард рублдан ашык (3,3 миллиард сом) каражат которулган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү кызмат абалын кыянаттык менен колдонушу, документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз жол менен келген акчаны адалдөө беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми "Росинбанк" бул окуя боюнча кийинчерек түшүндүрмө берилет деп ишендирди.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg