Акыркы макалалар

Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат

Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү — бул элдин эркин курдан кармап, күч сынашкан беттештин бир түрү. Курдан кармоо — күрөштүн эң байыркы түрлөрүнө кирет. Эки баатыр күч сынашып, шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын сынап тирешүүсү дүйнө элдеринин байыркы китептеринде жана эпосторунда кезигет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр III оюндарын даярдоо, өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы Көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин даярдамакчы. Бул ирет Көчмөндөрдүн улуу күрөшү менен тааныштырабыз. Спорттун бул түрү быйыл алгачкы жолу өткөрүлмөкчү.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү боюнча мелдештерди өткөрүүнүн бардык жол-жоболору көчмөн элдин салтына жана маданиятына ылайыкташтырылып бир нече кылым илгерки форматтагыдай өткөрүлөт. Ошол заманда касташкан эки эл кез келгенде, кээде салгылашуу же кыргын-сүргүн менен коштолбостон, ар бир тараптын улуу балбан-баатырларынын кармашы менен чечилген. Ар бир балбан аренага улуттук кийимде чыгып, атаандашына салам айтып, анын элине да урматын көрсөтчү. Андан ары элдик акындар баатырлардын күжүрмөн духун ойготуп, эрдиктерин ыр, бий жана жомок түрүндө даңазалашкан.

1. БАШКЫ ЭРЕЖЕЛЕР:

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн эрежеси, абдан эле жөнөкөй, ага калыстар аз кийлигишет. Бир гана эреже — каршылаш балбанды көтөрүп жерге чабуу керек, эч кандай упайлар каралган эмес. Ошондуктан мелдеш таза жана адилет күрөш жүргүзүүгө абсолюттуу жеңүүчүнү аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Кармашкандар салмагына карап бөлүнбөйт. Анткени байыркы заманда тараза болгон эмес, алптар гана жеңишке жеткен. Алардын арасынан экинчи, үчүнчү жана башка орундарды аныктабастан абсолюттук жеңүүчүсү аныкталган. Себеби күрөштө Улуу жеңүүчү — бирөө, утулгандардын баары — бирдей.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнө ДКОнун (Дүйнөлүк көчмөндө оюнунун) алкагында күрөштүн кайсы бир түрүнөн жеңүүчү аталган балбан гана катыша алат.

Күрөш атаандаштын курун кармоо менен жүргүзүлөт, баатырлардын жогорку адептик рухуна туура келген түрдүү аракеттерге уруксат берилип, ар кандай ыкма менен ыргытып жыгуу жеңишке жеткирет. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүн өткөрүү эрежеси, ыкмалардын түрү, жеңүүчүлөрдү аныктоо жол-жобосу азербайжан, иран, түрк, казак, кыргыз, өзбек, орус, түркмөн, монгол, татар, жапан, корей жана башка дүйнө этносторунун жана элдеринин күрөшүнүн салттуу түрлөрүнүн эрежелерине карап түзүлгөн.

Мелдештердин жеңүүчүсү "Улуу балбан" деп аталып, анын аты Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын улуу жеңүүчүлөрүнүн байыркы китебине алтын тамгалар менен жазылат.

2. МЕЛДЕШ АРЕНАСЫ.

Узун-туурасы 9 метрди түзгөн килем (шырдак) 1 метрдей бийик секичеге жайылат. Коопсуздук үчүн килемдин чет жактары атайын бүрүлүп, тегеретесине орулган чөптөрдү таштап коет. Ал эми узун-туурасы 7 метрлик аянтчанын ичинде балбандарга ыкма жасоого уруксат берилет.

Килемдин айланасында этнофольклордук топ мелдеш учурунда улуттук аспаптарда ойноп, ар кыл элдин ырларын үзүлтүксүз аткарып турат. Анын катарында дүйнө эпосторунун айтуучулары жанаша отурат (мисалы, манасчы, акын). Алар баатырдык эпостордон үзүндүлөрдү айтуу менен балбандарга дем берип, күрөшкө күүлөйт.

Балбандарды килемден төкмө акындар тосуп алат. Алардын атын, өлкөсүн, жеңиштерин, наамдарын жана тулку боюн атап элге тааныштырат.

3. МЕЛДЕШТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүнө Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюнунун абсолюттук салмактык категориядагы улуттук күрөштүн төмөнкү түрлөрү боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү катышат:

— алыш (Кыргызстан)

— ашыртмалы аба гюреши (Түркия)

— гореш (Түркмөнстан)

— гюлеш (Азербайжан)

— казах куресы (Казакстан)

— кураш (Өзбекстан)

— кыргыз күрөш (Кыргызстан)

— монгол бох (Монголия)

— пахлавани (Иран)

— самбо (Россия)

— ссирым (Түштүк Корея)

— сумо (Япония).

Эгер бир балбан күрөштүн бир нече түрүнө мисалы, алыш, кыргыз күрөшү, самбо үчөөнө катышып баарын утуп алса, Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүнө чыгууда күрөштүн бир түрүнүн (мисалы, алыш) жеңүүчүсү катары гана катыша алат. Мындай учурда самбо менен кыргыз күрөшүндө андан жеңилген балбан катышуу укугуна ээ болот.

4. МЕЛДЕШТЕРДИ ӨТКӨРҮҮ ФОРМАТЫ.

Көчмөндөрдүн Улуу күрөшү — күрөштүн улуттук түрлөрү боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрүн салтанаттуу катарга тургузуу менен башталат.

Балбандар фольклордук музыканын коштоосунда машыктыруучулары жана делегация өкүлдөрү менен кошо желегин көтөрүп чыгып, катарга тизилет. Андан соң, көрүүчүлөргө өзүнүн каада-салттарына жана маданиятына ылайык салам айтышат.

Мелдеш башталганда катышуучулар желегин атайын туу сайгычтарга илип, чүчү кулак кармашат. Андан ары килемдин жака белинде жайгашкан эки боз үйгө бет алышат. Ал жактан балбандар формасын (шымын жана курун) кийип күрөшкө даярданат. Катышуучулардын делегация өкүлдөрү Аксакалдар кеңешинен (жогорку калыстар коллегиясы) орун алышат.

Эң алгач эки балбан көрсөтмөлүү күрөш өткөрөт. Ал катышуучуларга жана көрүүчүлөргө Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүнүн эрежесин түшүндүрүү максатында жүргүзүлөт.

Кармаш учурунда тамаша кылганы келген көрүүчүлөргө акын, манасчы, музыкант, калыстар жана балбандарды белек жана акчалай сыйлыктар менен алар кызматын аткарып жаткан учурда (жакшы тамаша, оюн, калыстык жана кооз ыкмалар үчүн) сыйлоого уруксат берилет. Бул көчмөн элдердин салттарына ылайык келген көрүнүш.

Ортосунда театрлаштырылган маданий номерлер да көрсөтүлөт.

Жеңүүчү аныкталгандан кийин, жеңилген балбан килемден өз өлкөсүнүн туусун ала кетет. Бардык утулган балбандар килемдин жанындагы атайын орундарга кайрылып келип, финалдык күрөшкө жана Улуу балбандын ысымы аталган убакытка чейин болот.

5. КИЙИМ ФОРМАСЫ.

Тыкыз кебез кездемеден багалеги тизеден төмөн узундугу 250 сантиметр шым жана жазысы 80 сантиметр болгон жумшак кебезден жасалган кур болушу шарт. Күрөшкө жылаңайлак чыгышат. Ар бир катышуучунун ак жана кара түстөгү курлары болот. Дүйнөлүк көчмөндөр III оюндарынын уюштуруу комитети катышуучуларды керектүү кийим формасы менен камсыз кылат.

6. УЛУУ ФИНАЛ ЖАНА УЛУУ БАЛБАНДЫ СЫЙЛОО.

Финал аяктап, Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү аныкталгандан кийин Улуу балбанды сыйлоо салтанаты өткөрүлөт. Ардактуу коноктор, Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн катышуучуларын баалуу сыйлыктар, Улуу балбанды кемер жана башка этноатрибуттар менен сыйлашат.

Андан ары Улуу балбандын урматына Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимни ойнотулат. Атайын дайындалган көчмөндөрдүн жоокер тобу колдоруна көтөрүп сыйлык катары берилген атка мингизет. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн бардык катышуучулары улуу жеңүүчү менен бирге элдин алдында ардактуу жүрүштөн өтүшөт жана бата алышат.

Жеңүүчүгө улуу балбан титулу ыйгарылат. Анын ысымы жана күрөштүн түрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Улуу жеңүүчүлөрүнүн китебине жазылат. Улуу балбан кийинки оюндардын ардактуу коногу болот жана өзүнүн титулун талапкерлерден коргойт.

7. КАЛЫСТЫН ИШИ.

Таймаштарга калыстыкты Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр III оюндарынын Уюштуруу комитетинин калыстары жүргүзөт. Ар бир таймашты бир гана калыс тейлейт.

Калыстын командалары жана жесттери:

"Күрөш" — кармашты баштоо же кайрадан баштоо командасы;

"Токто" — кармашты токтотуу же аяктоо командасы;

Эгерде калыс эки колун эки тарапка таштап жана кайчылаштырса анда ыкма же аракет бааланбайт;

"Жеңиш" — эгерде балбан кармашта таза жыгууну аткарса, калыс бир колун жогору көтөрүп, экинчи колу менен балбанды көрсөтсө, мындай жол менен жеңиш жарыяланат.

Калыс килемдеги ыкмаларды жана аракеттерди баалайт, бирок талаш абалдарды жана жеңишти бир балбанга ыйгаруу чечимин Улуу күрөштүн эрежелерин билген жана каадаларын сактаган Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүнүн катышуучусунун делегациясынын өкүлүнүн биринен турган Аксакалдар кеңеши (жогорку калыстык жыйын) жарыялайт. Аксакалдар кеңеши жеңишти аныктайт же талаш абалдарды балбандын куруна окшош түстөгү камчыны көтөрүү менен добуштун басымдуулугу аркылуу чечет. Аксакалдардын добушу бирдей болгон учурда жеңүүчүнү килемдеги калыс аныктайт. Балбан аксакалдардын өлкөсүнүн өкүлү болгон учурда, ал калыс катары добуш берүүгө укугу жок.

8. УРУКСАТ БЕРИЛГЕН АРАКЕТТЕР

Мелдештерде төмөнкү аракеттерге жана ыкмаларга уруксат берилет:

— буттары менен атаандаштын бутуна таасир берүү (бут тосуу, булкуу, кагуу, чалуу);

— колу менен колун, билегин, моюнун, бутун, шымын кармоо;

— тизе аркылуу илип жыгуу, кайтарма кылып жыгуу, бутту кармап жыгуу, бир тизеси менен атаандашына таяныч кылуу аркылуу жыгуу (торой чалуу), артка ийилип өзүнөн ашыра ыргытып жыгуу;

— килемдин сыртына түртүп чыгаруу.

9. ТЫЮУ САЛЫНГАН АРАКЕТТЕР.

Мелдештерде төмөнкү аракеттерге тыюу салынат:

— атаандаштын жаракат алуусуна түрткү берген же ден соолугуна зыян келтирүү максатында атайын аракеттерди жасоо (атайлап башы менен чабуу, колун кайыруу, дененин бардык бөлүгү менен уруу);

— оорутуучу же муунтуучу аракеттерди аткаруу;

— тиштөө, тытуу;

— кулагынан же чачынан тартуу;

— манжаларынан кармоону, колдору менен баштан кармоону аткаруу;

— курдан кармабай туруп ыкма жасоо;

— манжаларын оозуна, көздөрүнө, кулагына, мурдуна салуу;

— таймаш жүргүзүлгөн жерден аяктаганга чейин кетип калуу;

— денесине башка буюмдарды кийип алуу (шакек, чынжырча, ж.б.);

— тырмактарын өстүрүп алуу;

— тыюу салынган азыктарды, спирт ичимдиктерин колдонуу, сагыз чайноо;

Эрежелерди бузгандарга кызыктыруучу байге, сыйлыктар берилбей калышы мүмкүн.

10. КАТТОО.

Катышуучуларды каттоо таймаштан бир күн мурда жүргүзүлөт. Аны башкы калыс, башкы катчы жана дарыгер жүргүзөт. Дарыгер ич кийимчен чыгуучу катышуучуларды медициналык кароодон өткөрөт. Андан кийин катышуучулар башкы калысга документтерин беришет жана таразага түшөт. Ар бир катышуучу тууралуу маалымат (салмагы, бою, спорттук наамы жана жетишкендиктери) башкы катчыга өткөрүп берилет.

Каттоо аяктагандан кийин катышуучулар жана команданын өкүлдөрү катышуу жана Көчмөндөрдүн Улуу күрөшүнүн бардык эрежелерин жана салттарын сактоо тууралуу келишимге кол коюшат.

Эрежелерди жана салттарды сактабаган учурда балбанга сыйлык жана титул берилбестен таймаштан четтетилет.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2017-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилген. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg