Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө сибир жарасы пайда болгон жердин 72си изилденүүдө

Облуста сибир жарасы болгон 112 жерде очогу катталган. Алардын 41 аныкталып, 72си табылган жок. Бул тууралу Мамлекеттик ветеринария департаментинин Ысык-Көл аймактык тез чара көрүү башкармалыгынан маалымдашты.

Анда сибир жарасы пайда болуп, табыла элек жерлер айыл округдардын балансына өткөрүлүп берилген. Райондук-шаардык мамлекеттик ветеринария башкармалыгы тарабынан сибир жарасынын белгилерин аныктоо үчүн жер кыртышынын үлгүсү эки ирэт алынууда жана дезинфекция жүргүзүлүүдө.