Акыркы макалалар

«Таза коом» программасы улантылууда

«Таза коом» программасы улантылууда

Сапар Исаковдун өкмөтү старт берген «Таза коом» программасы улантылат. Андагы долбоорлорду аткарууга учурдагы өкмөт казынадан 1 млрд сом бөлдү. Анын алкагында учурда укук бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүү боюнча электрондук китеп тутум долбоорунун техникалык бөлүгү аяктоо алдында турат. Ал 10 күндүн ичинде укук коргоо органдарына иштөө үчүн сунушталат.

Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн курамы отставкага кеткенде коомчулукту «Таза коом» программасынын тагдыры кызыктырган. Айрымдар программа ишке ашырылбай калуусун айтса, кээ бири жаңы өкмөттү улантуусун талап кылган.

Ал ортодо Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети журналисттерге маалымат берип, программаны ишке ашыруу улантылып жатканын билдирди.

Аталган комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, «Таза коом» программасын ишке ашыруу үчүн кеңеш түзүлгөн. Ал кеңеш үч жолу жыйынга чогулуп, 33 долбоорду кабыл алган. Бул программага мамлекеттик казынадан жалпы 1 млрд 220 млн сом каралган. Бирок каралган каражат толук бөлүнүп бериле элек.

—Өткөн жылы долбоорго 220 млн сом берилген. Быйыл 1 млрд сом бюджеттен каралган. Бирок анын 155 млн сому гана бөлүндү. Бул каражаттар өкмөттү санариптештирүү үчүн ар кандай долбоорлорго берилген. Ал эми «Коопсуз шаар» долбооруна каражат берилген эмес, ага акчанын кереги жок.

Мындан тышкары, программанын алкагында укук бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүү боюнча электрондук китеп тутум долбоорунун техникалык бөлүгү аяктоо алдында турат. Ал 10 күндүн ичинде укук коргоо органдарына иштөө үчүн сунушталат. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров белгилегендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси күчүнө кирет.

—Бузуулардын электрондук китеп долбоору боюнча техникалык тапшырма аткарылган, учурда система иштелип чыкты. 10 күндөн кийин биз жаңы системаны беришибиз керек.

«Таза коомдун» алкагында «электрондук өкмөт» түзүү жана бардык муниципалдык жана мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү иш-планы да камтылган. Дал ушул милдетти чечүү максатында «Түндүк» ведомство аралык өз ара аракеттешүүчү электрондук тутуму түзүлгөн. Тутумдун базасында 8 мамлекеттик орган тараптан көрсөтүлүүчү 25 электрондук тейлөө камтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков сапаттуу мамлекетик башкаруу электрондук өкмөтсүз мүмкүн эместигин билдирген.

Анын айтымында, «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара байланышуу тутуму интернетке кеңири тилкелүү байланышты куруп отурбастан, маалыматтарды корголгон каналдар аркылуу берүүгө мүмкүндүк түзөт.

—Жетекчи кагаздар топтому менен жүрчү учур эмес, биз электрондук булактарга өтүүбүз керек. Бул мамлекеттик орган ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жакшыртууга шарт түзөт. «Таза Коом» долбоору жалпысынан «Түндүк» платформасы аркылуу ишке ашырылат. «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу менен мамлекеттик аппарат дагы натыйжасыз аткаминерлерден арыла алат.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Таза коом» программасын иштеп жаткан өкмөт канчалык деңгээлде түшүнүп, ишке ашыра билүүсүнөн күмөн санайт.

-Азыркы өкмөт «Таза коом» боюнча позициясын ачык айтып, жумуштарды жасагандарын көрө элекмин. Бул программа көп жылдан бери айтылып келип, Исаковдун командасы түшүнүп, ишке киргизе баштаган. Ага чейинки өкмөт түшүнбөдү. Эми азыркы өкмөт ишке ашырып кетеби деген суроого жооп берүү эрте.

“Таза Коом” программасы 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча стратегиянын маанилүү бөлүгү катары айтылып келет. Долбоор ишке ашырылса мамлекеттик башкаруунун жаңы үлгүсү түзүлмөкчү. Бул ири дегенде кызмат көрсөтүү жакшырат, акыйкат жана ачык коом калыптанып, электрондук өкмөт, ишкердикке жагымдуу шарттар түзүлөт. Эң маанилүүсү макамына, материалдык абалына карабай Кыргызстандын ар бир жаранынын татыктуу, ыңгайлуу жана коопсуз жашоо турмуш кечиришин камсыздоо максатталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg