Акыркы макалалар

Ѳкмѳттү кызыктырган «Бир айыл-бир продукт» долбоору

Ѳкмѳттү кызыктырган «Бир айыл-бир продукт» долбоору

Ысык-Кѳл облусунда «Бир айыл- бир продукт» Ассоциациясы 7 жылдан бери иштеп келет. Ѳндүрүлгѳн продукция менен Ѳкмѳт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев таанышып, аймактарды өнүктүрүүгѳ маанилүү болорун белгиледи. Даярдалган продукциялардын эмне ѳзгѳчѳлүгү бар? Төмөндө токтолобуз.

Жети-Ѳгүз айылында жашаган Калипа апа 64 жашта. Ал пенсия курагына карабай облустагы «Бир айыл бир продукт» ассоцациясынын жамаатына кирип, 4 жылдан бери үй шартында иштеп келген. Бул жолу Жети-Ѳгүз айылына кыз келиндер үчүн жүндү кайра иштетүүчү цех ачылып, 70ке жакын жумушчулар менен биргеликте иштей баштады. Учурда жаӊы үйрѳнчүктѳргѳ тажрыйба бѳлүшүп жатат:

—Мурда «Бир айыл-бир продукт» ассоциациясынын Тоӊ районундагы жамаатына кирип иштеп жүргѳм. Ал жылдары кийиз, анын түрлѳрүн ѳз үйлѳрүбүздѳ жүндү тазалап, сабап, кол эмгек менен жасачубуз. Азыр цехте коллектив менен иштеп, жумушка эртеӊ менен келебиз. Жүндү тазалайбыз, таразага тартабыз, оюнчуктарды, шуруларды жасайбыз. Чогуу иштешкенден кийин кыздарга үйрѳтѳбүз. Айлык маяна ушул ишти бүткѳрүп канча ѳткѳзсѳк ошого жараша болот экен. Буга чейин жамаат болуп иштегенде ѳзүбүзгѳ жетчү.

«Бир айыл – бир продукт» Ассоциациясы 2011-жылы Япониянын Jica долбоорунун алкагында түзүлгѳн. Алгач 60 жамаат менен иш башталса, бүгүнкү күндѳ 200гө жетип, 2 миӊге жакын кыз келин жумуш орду менен камсыз болду. Анткени айрым райондогу жумушчулар цехке барбай, үй шартында иштеп, киреше табат. Андыктан каалоочулардын саны дагы деле арбын. Азыркы тапта бир нече айымдар кол ѳнѳрчүлүк боюнча иштѳѳ тартибин бекер үйрѳнүүдѳ. Алардын бири Жети-Ѳгүз районунун тургуну Жылдыз Мерипбаева буларга токтолду:

—Менин ѳзүмдүн энем уз киши болчу. Ошол себептен мага кол ѳнѳрчүлүк кесиби жагат. Бүгүнкү күндѳ тренингге катышып, үйрѳнгөндөрүбүздү ишке ашырабыз.

Түп районунун жашоочусу Айзада Мүсүралиева буларды айтып берди:

-Мен шуру даярдаганды үйрѳнүп жатам. Бир шуруда 120 даана тоголокчо жасайт экенбиз. Жүзү боз ѳӊдѳн болсо, 20 ак түстү талап кылат. Негизгиси оор, кылдат мамиле жасоо керек экен.

Аталган райондун дагы бир тургуну Наргиза Уржанова долбоордун үйдө иштөөгө шарт түзүп бергени жакканын айтып берди:

-Майда жумуш экен. Бул жактан бекер үйрѳтүп жатышат. Андан кийин бул жактагылар керектүү материалдарын берсе үйдѳ отуруп жасайт экенбиз. Мага ошонусу жакты.

Ысык-Кѳлдү бренди менен тааныткан эмгек жамааты кийизден-сувенир, оюнчук буюмдарды, чѳп жана ѳсүмдүктѳрдѳн — косметикалык каражатты даярдайт. Андан сырткары тамак аш боюнча экологиялык таза майларды, шире жана кыямдын түрлѳрүн ѳндүрүшѳт. Бүгүнкү күндѳ даяр продукция ички жана сырткы рынокто ѳз ордун таап, кѳбүнчѳ Россия, Америка жана Японияга экспорттолот. Эӊ негизги максаты аймактын экономикасын ѳстүрүүгѳ багытталганын Ассоциациянын жалпы бѳлүмүнүн менеджери Назгүл Ѳмүралиева белгиледи:

-Негизги максат, дүйнѳлүк рынокту билүү, анын талаптарын биздин ѳндүрүүчүлѳргѳ үйрѳтүп жеткирүү болуп саналат. Бул аркылуу облустун экономикасын кѳтѳрѳбүз. Андан сырткары продукциянын сапатын жогорулатуу жана сатуу ишине жардам беребиз. Мисалы кийиз боюнча айыл жергесинде жумушу жок кыз келиндер үйрѳнүп чоӊ акча албаса да, үй-бүлѳлүк киреше тапса болот. Эӊ негизгиси жүн жана чийки продукция Кѳл аймагынан алынат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg