Акыркы макалалар

2017-жылы 159 веб-сайт жана интернет-баракчалары жабылды

2017-жылы 159 веб-сайт жана интернет-баракчалары жабылды

2017-жылы прокуратура органдары тарабынан «Хизб ут-Тахрир», «Ислам мамлекети», «Талибан» сындуу террордук, экстремисттик топтордун маалыматтары жайгаштырылган 159 веб-сайт жана интернет-баракчалар жабылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊештин тиешелүү комитетинде бир жылдык отчет берип жатып билдирди.

Жыйын учурунда депутат Кенжебек Бокоев болбогон 3-4 миӊ сом үчүн кылмыш иши козголуп, миллиондогон сомдор боюнча козголгон иштер кандайдыр бир себептер менен жабылып калып жатканына кызыкты.

Башкы прокурор андай ири кылмыш иштери көп экенин, анын баары азыр кайра козголуп жатканын, жыйынтыгы жакында белгилүү болорун билдирди.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев депутаттар тобунун жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча кайрылуусун сурады.

Жамшитов, кайрылуу келип түшкөнүн, анда келтирилген жүйөлөр мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кылдат текшерилип чыгып, тиешелүү башкармалыктын жетекчисине тапшырма берилгенин айтып өттү. Ал жыйынтык тууралуу депутаттарга жазуу жүзүндө жооп бериле турганын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg