Акыркы макалалар

Сапар Исаков кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Сапар Исаков кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн саат 14:00дө сурак берүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азаттык” радиосуна билдирди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 14-майда жана 26-апрелде УКМКга сурак берип чыккан.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу тийиштүү аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Аталган токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат болүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар.

Исаков өзү иликтөө акыйкат өтүшү керектигин, тергөөдө саясат болбошу керектигин айткан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org