Акыркы макалалар

Түндүк Кипрде комада жаткан кыргызстандык жигит көз жумду

Гирне шаарындагы "Доктор Акчичек" ооруканасында комада жаткан кыргызстандык жаран 27-майда көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

24-майда Түндүк Кипрдин Гирне шаарындагы "Тез жардам" бөлүмүнө "көп кабаттуу үйдөн кулады" деген себеп менен кыргызстандык жигит жеткирилген.

Кийинчерээк шаардагы "Доктор Акчичек" ооруканасынын дарыгери Өзжан Хүдаверди "Азаттыкка" 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеп, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөнүн, анын денесине 7-8 жолу бычак сайылганын маалымдаган. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Гирне шаарынын полиция кызматы иликтөө иштерин баштаганы кабарланды.

Маркумдун сөөгүн Түндүк Кипрден Кыргызстанга жеткирүү ишин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштурууда.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен Түркиядан 15тей кыргызстандык мигранттын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org