Акыркы макалалар

Бозымчак кенин иштеткен компаниянын башкы директору кармалды

Бозымчак кенин иштеткен компаниянын башкы директору кармалды

Атайын кызматтын өкүлдөрү “Бозымчак” кенин иштеткен “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын башкы директору Ильяс Түлекеевди кармашты. Бул маалыматты аталган компаниянын өкүлдөрү тастыкташты.

Учурда ал тергөө абагына жеткирилди. Аталган компания Жалал-Абад олусунун Ала-Бука районунда жайгашкан “Бозымчак” алтын-жез өндүрүүчү кенди иштетет. Аталган компания Кыргызстанда 2007-жылы «Казахмыс Голд Кыргызстан» деген аталыш менен иштей баштаган.

Белгилей кетсек, “Бозымчак” кенинде 42 тоннадан ашык алтынды, 250 тоннадан ашык жездин запасы бар. Аталган кенди иштетүү үчүн “KAZ Minerals Bozymchak” 2015-жылы лицензиясын узарткан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg