Акыркы макалалар

Жээнбеков Кытайда карыз көйгөйүн көтөрөбү?

Жээнбеков Кытайда карыз көйгөйүн көтөрөбү?

Президент Сооронбай Жээнбеков июнь айында Кытайга расмий сапар менен барат. Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин Кытайга биринчи ирет барганы жатат.

Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон расмий сапары Шанхай кызматташтык уюмунун отурумунун алдында болот. Азырынча өлкө башчы кимдер менен жолугаары, визиттин алкагында кандай маселелер көтөрүлөөрү тууралуу кенен маалымат бериле элек. Мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн мамилесин дагы да жакшыртууга Кыргызстан эле эмес Кытай дагы кызыктар деп эсептейт.

— Кытай бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин арасына кирип, таасири артып баратат. Дүйнөлүк саясатта дагы, эл аралык коомчулукта дагы ролу жогору. Кытай бизге окшогон мамлекетти колдоп, жаңы жетекчибизди колдоп жакшы шарттар түзүлөт деген ойдомун. Анткени эки өлкөнүн жакшы мамиледе болушуна Кыргызстан эле эмес Кытай дагы кызыктар.

Кыргызстанда кайсы гана бийлик болбосун Орусия жана коңшулаш Кытай мамлекетин стратегиялык өнөктөш деп атап келет. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай бийлиги менен байма-бай жолугуп турган. Бирок эл аралык мамилер жаатындагы эксперт Эдил Осмонбетов акыркы жылдары кыргыз-кытай алакасынын начарлаганы байкалганын айтып жатат.

— Эки-үч жылдын ичинде айрым бир түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Президенттин Кытайга болчу сапары эми жаңы деңгээлге чыгып, кайра жаңылануу керек. Экинчи жагынан биз ЕАЭБге киргенден бери биздин экономикада өсүш жок. Бирок бизде коңшулаш Кытай бар. Кытайдын Жибек-Жолу, Кытай кыялы деген чоң долбоорлору бар. Ошону кыргыз өкмөтү пайдалана албай жатат.

Кытай Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын насыя берген. Былтыркы жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанга салынган инвестициянын да дээрлик 30 пайызы Кытайга таандык. Акыркы учурларда Кытайдан алынган карыздар парламентте дагы коомчулукта дагы кооптонуларды жаратууда. Эл аралык иштер боюнча талдоочу Кубан Абдымен «президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай сапарында бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн», — дейт.

— Кытайдын Кыргызстанга берген карызы 1,7 млрд долларды түзгөн. Албетте бул күн тартибине кире турган маселелердин бири. Жылына канча акча төлөнөрү боюнча атайын план иштелип чыкканы кабарланган. Эки тараптын алакасы жакшы деңгээлге чыга тургандай мүмкүнчүлүк болсо учуру келгенде ошол кездеги шартка, мүмкүн өтүнүчтөргө ылайык карыздарды азайтуу, кечирүү же толук жокко чыгаруу маселеси дагы каралышы ыктымал.

Андан сырткары Борбор Азия менен Кытайды байланыштыра турган Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу боюнча да сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгү айтылууда. Маалымат боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар айлануунун көлөмү өткөн жылдагы көрсөткүч боюнча 1 млрд доллардын тегерегинде болгон. Мурдагы экономика министри, «Кыргыз Концепт» ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев кыргыз тарап мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатат деген ойдо.

— Кытай менен мындан дагы пайдалуурак иш алып барса болот. Биз толук мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланган жокпуз. Буга эмне себеп? Себеби саясий топтордун кызыкчылыгы болуп, коррупциялык маалыматтар ачыкка чыгып калды. Ири долбоорлор, анын ичинде Кытай менен болгон чоң долбоорлор көп учурда бүт өлкөгө эмес саясий топтордун кызыкчылыгына иштеп калып жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилеси 1992-жылы түзүлгөн. Президент Сооронбай Жээнбеков март айында Си Цзиньпинди кайрадан Кытайдын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө зор маани берээрин айткан.

Ал арада Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа 23-майда журналисттер үчүн өткөргөн жыйында «Визит ийгиликтүү жана натыйжалуу болот. Эки тараптуу мамиле жаңы тепкичке көтөрүлөт. Президенттер көптөгөн документтерге кол коёт», — деп билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg