Акыркы макалалар

Кытай элчиси: ЖЭБ маселеси Кыргызстандын ички иши

Кытай элчиси: ЖЭБ маселеси Кыргызстандын ички иши

Биз Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана кыргыз эли тандаган жолду сыйлайбыз. Өлкөнүн ички маселеси тууралуу сөз болгондо чет элдик өнөктөштөр комментарий берүүдө ыңгайсыз болот. Биз Кыргызстандын ички иштерине аралашпайбыз. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа бүгүн, 23-майда журналисттер үчүн өткөргөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кытай тарап насыяны Кыргызстандын инфраструктурасы жакшырышы үчүн колдоо катары берген. Бардыгы эрежеге ылайык, мыйзамдын негизинде берилген.

“Биз ар кандай факторлор эки элдин достугуна зыян жеткиришин каалабайбыз. Кытай Кыргызстанды эгемендүүлүк алгандан бери достук мамилесин улантып келет. Биздин мамиле учурда жаңы тепкичтин алдында турат. Кытай менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш”,— деди Цинхуа.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg