Акыркы макалалар

Бөрүбаев: Бир мектеп 70-75 млн сомго курулат

Бөрүбаев: Бир мектеп 70-75 млн сомго курулат

Типтүү мектептин курулушуна 70-75 млн сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат. Каржы маселеси тартыш болбосо бир мектеп 2 жылдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектептин бир чарчы метри 350-500 доллардын тегерегине курулат. Бул нарк жер кыртышына байланыштуу өзгөрөт. Ал эми курулушу башталган 404 социалдык объектидеги иштерди толугу менен бүтүрүүгө 13 млрд сом керектелет.

«Бизге жылына 1 млр 244 млн сомдой каражат бөлүнөт. Быйыл кошумча 500 млн сом каралды. Мектептерди тизмеге киргизип жатканда Билим берүү министрлигинин көргөзмөсү каралат. Ага ылайык мекемелер курулуп, ондоо иштери жүргүзүлүөт. Тизмени бекитүүдө аймактын калкынын саны эске алынат», — дейт Бөрүбаев.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн акча каражатынын сарамжалдуу пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзүлөт. Сапатсыз иштеген курулуш мекемелеринин иши токтотулуп, кара тизмеге киргизилген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg