Акыркы макалалар

Мыкты дзюдочулар Ысык-Көлдө Азия кубогу үчүн күч сынашат

Мыкты дзюдочулар Ысык-Көлдө Азия кубогу үчүн күч сынашат

Спорттук иш-чарада өспүрүмдөр менен жаштар түрдүү салмак боюнча беттешет.

Ысык-Көл облусунда дзюдо боюнча Азиянын ачык кубогу уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 20-24-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Анда өспүрүмдөр менен жаштар сегиз салмактык категорияда күч сынашат. Спорттук иш-чарага чет элдик мыкты балбандардын да катышуусу күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg