Акыркы макалалар

Жээнбеков айылдарга 43 миллион доллар бөлүү боюнча мыйзамга кол койду

Жээнбеков айылдарга 43 миллион доллар бөлүү боюнча мыйзамга кол койду

Долбоор өлкөнүн 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга багытталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган.

Маалым болгондой, долбоорду эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен өкмөт каржылайт.

"Жалпы наркы 43,2 миллион доллар болсо, анын 16, 2 миллионун эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы грант катары, 19,8 миллион каражатын ушул эле уюм насыя иретинде берет. Ал эми калганын өкмөт бөлөт. Долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында тандалып алынган 53 айылда ишке ашырылат", — деп жазылган маалыматта.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg