Акыркы макалалар

Баткен жана Кадамжай райондорунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Баткен жана Кадамжай райондорунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Баткен жана Кадамжай райондорунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-майында нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Ак-Өтөк айылында жана Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кызыл-Коргон айылдарында сел жүргөн.

“Сел жүргөн аймакка ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов барып, сел кесепеттерин жоюуу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берген",-деп айтылат маалыматта.

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында жүргөн сел Ак-Өтөк айылында элдин негизги киреше булагы болгон 15 гектар күрүч талааларды жууп кеткен. 30дай тургундардын короо жайларын кум шагылга толтуруп, 1 электр мамычасы жарактан чыгып, 15 үй-бүлө жарыксыз калган. 200, 300 метр ички чарбалык жол шагылга толгон.

Учурда сел жүргөн айылдарда 20 техника иштеп, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Келтирилген зыяндын эсеби такталууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg