Акыркы макалалар

Сариев: Кызматтан кеткендерди тепкилей бербейли

Сариев: Кызматтан кеткендерди тепкилей бербейли

«Кызматтан кеткендерди тепкилей бербейли. Алардын ишин да баалай билишибиз керек. Катачылыктар баарында болот.» Мындай пикирин мурунку премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыянаттык кылган кызматкерды жоопко тартуу зарыл. Бийликтен кетүү таргедияга айланбашы керек. Ал эми мамлекет башчы элдин милдетин, жоопкерчилигин алгандыктан ага эч ким тоскоолдук жаратпашы зарыл. Анткени ал да 6 жылдан соң эл алдында жооп берет.

«Шайлоого өтпөсөм да айтылгандарга көмөк көрсөтүүгө даярмын. Бийликке шайлоо аркылуу, балким сунуш менен барып калам. Негизгиси саясаттан кетпейм. Премьер-министр болуп турганда бирөөнүн чайын ичкен жокмун. Элдин, Конституциянын алдында жүрөгүм таза», — дейт Сариев.

Сариев, өзүнө Бишкек шаарына мэр болуу боюнча сунуш түшпөгөнүн билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg