Акыркы макалалар

Өкмөт чет жактагы кыргызстандыктар Айтматовду көбүрөөк билүүсүнө көмөктөшөт

Өкмөт чет жактагы кыргызстандыктар Айтматовду көбүрөөк билүүсүнө көмөктөшөт

Өкмөт чет жакта жашаган кыргызстандыктар Чыңгыз Айтматов жөнүндө көбүрөөк билүүсүнө көмөктөшөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жазуучунун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында айтты.

Өкмөт башчы иш-чараларды сапаттуу аткаруу зарылдыгын белгилеп:

- Чет өлкөдө жашаган мекендештерибиз арасында Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөө маселесине өзгөчө көңүл буруу кажет. Мекенинен алыста жашаганына карабастан, биздин мекендештерибиз Чыңгыз Төрөкулович ким экенин билип, эстеп жүрүүсү керек,- деп айтты.

Мындан тышкары жыйында жазуучунун туулган жери Талас облусунун Шекер айылында «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагынын жеңүүчүсүнүн долбоору сунушталды.

Абылгазиев Финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдоо менен бул комплекстин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объекттер тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Саха Республикасы менен биргеликте жүргүзүлүүчү (Орусия Федерациясы) Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча тасма тартууну тездетүү керектиги айтылды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org