Акыркы макалалар

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

15-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Баткенде түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Нарын жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Бишкек шаарында 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +8…+10, күндүзгү жогорку температурасы +20…+22 градус жылуу.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg