Акыркы макалалар

Өкмөт мамлекеттик кызматтарды кыскартат

Өкмөт мамлекеттик кызматтарды кыскартуу менен 223 млн сом үнөмдөөнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөткө караштуу техникалык кызмат көрсөткөн 1531 штаттык бирдик кыскартылат. Муну менен бирге үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин республикалык бюджеттен каржыланган ведомстволор аралык департаменттер өз алдынча каржылоого өткөрүлүп, 646 штаттык бирдик жана тейлөө кызматынан 229 штат кыскартылат. Мындан улам республикалык бюджеттен 223,1 млн сом, Мамлекеттик каттоо кызматындагы кыскартууларды кошкондо 406,5 млн сом үнөмдөө көздөлүп жатат.

Белгилей кетсек, кыскартылуучу штаттар Юстиция министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Маданият маалымат жана туризм министрлигине, Мамлекеттик антимонополия агенттигине туура келет. Мындан улам Каржы министрлигине эки айдын ичинде аталган иш-чара боюнча анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg