Акыркы макалалар

"Музейдеги түн" акциясынын аймактарда өтө турган жери жана программасы

"Музейдеги түн" акциясынын аймактарда өтө турган жери жана программасы

Быйыл келген эл үчүн жаңы программа даярдалды.

"Музейдеги түн" акциясы Бишкектен тышкары Кыргызстандын бардык аймагында өтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу Чолпон Тентиева айтып берди.

Дубандарда акция 20-май күнү саат 18.00дөн 22.00гө чейин өтсө, Бишкектегиси андан эки күн мурункуга пландаштырылган.

"Музейдеги түн" өтчү жерлер:

— Оштогу "Сулайман-тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;

— Таластагы "Манас-Ордо" улуттук комплекси;

— Баткен облустук драма театры;

— Жалал-Абадда "Билимкана" галереясы;

— Ысык-Көлдө Кажы-Сай айылындагы Shygaev museum заманбап искусство музейи;

— Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борбору;

— Нарында облустук тарыхый-этнографиялык музей.

Быйылкы жылы аталган акция Кыргызстанда бешинчи ирет өтөт. Салтка айланган программа кызыктуу долбоор жана инсталляциялар менен толукталмакчы.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg