Акыркы макалалар

Карганбек Самаков боюнча сот 16-майга белгиленди

Карганбек Самаков боюнча сот 16-майга белгиленди

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков, анын баласы Кубанычбек Самаков, экс-премьер-министр, эл өкүлү Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер Искендербек Айдаралиев, мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоев, экс-президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана башка кишилерге козголгон ишти кароону 16-майга белгиледи. Мындай чечимди сот 10-майдагы соңку жараянда айыпталуучулардын биринин ооруп келбей калганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Самаковдун жакындары "Азаттыкка" билдиришти.

10-майда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Карганбек Самаковдун тарапкерлери акцияга чыгып, аны актоону талап кылышты.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү ("Кылмышка шериктеш болуу") жана 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган. Айыпталуучу тарап чечимге макул болбой шаардык сотко даттанган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org