Акыркы макалалар

Самаков: Арабаев менен Маткасымов сотторго басым кылууда

Самаков: Арабаев менен Маткасымов сотторго басым кылууда

Мурунку депутат Карганбек Самаков убактылуу кармоочу жайдан Президентке, Жогорку сотко, Башкы прокурорго жана Акыйкатчыга кайрылуу жасады.

Кайрылууда президенттин Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүсүнөн кийин көпчүлүк жарандарда үмүт пайда болгону айтылат.

Анын айтымында, ишти карап жаткан судья Чынгыз Адамкуловду атайын алмаштырышкан. Анын учурунда окуяга тиешеси барлардын баары Эрнест Койчумановдон башкасы акыркы сөздөрүн айтып бүтүшкөн. Бирок, Октябрь райондук соту судьяны Дамир Назаровго алмаштырып койгон. Натыйжада 2017-жылдын 20-декабрында шашылыш түрдө чечим чыгарылган.

Самаков президенттик аппараттын Манас Арабаев жана Алмаз Маткасымов атту кызматкерлери сотторго басым өткөрүшкөнүн билдирди.

«Мен президенттик аппараттын кызматкерлери соттордун үстүнөн мынчалык таасирге ээ экенин ойлоп да көргөн эмес экем. Чынгыз Адамкуловду алмаштырган аткаминерлер кийин биздин астыбызга чыгып, алардын макулдугусуз соттор бир дагы чечим кабыл албай турганын айтышты. Алар келишүүгө чакырып, акча төлөшүбүздү талап кылышты. Биз макул болбогон соң өздөрүнүн бардык сот тармагында таасири бар экенин далилдешти. Ошондуктан, биз сиздерден сот бийлигин аталган эки аткаминердин таасиринен арылтууну суранабыз»,- деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, Карганбек Самаковго Аламүдүн районундагы “262 гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүргөн” деген айып тагылып, 10 жылга мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg